Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Гавел чех коомчулугуна ыраазылык билдирди


Чехиянын президенти Вацлав Гавел өзүнө ишеним артып, моралдык колдоо көрсөткөнү үчүн чех жарандарына ыракматын айтты.
Кечээ, кызматынан кетип жатып сүйлөгөн сөзүндө Гавел "өлкө кыска мөөнөткө мамлекет башчысы жок калса, жер астын-үстүн болуп кетпейт",- деди. Гавел парламент жаңы президентти тандай албаганы менен, президенттин кызматын убактылуу аткара турган премьер-министр Владимир Шпидла жана парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Любомир Заоралек жоопкерчиликтүү адамдар экендигин белгиледи.
Диссидент жазуучу Вацлав Гавел 13 жыл бою, алгач Чехославакиянын, кийин Чех Жумуриятынын президенти болуп турду. Парламенттик республика болгон Чехияда президент чектелүү укуктарга ээ.

XS
SM
MD
LG