Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Эрдоган парламентке талапкердигин коет


Түркиянын бийликтеги партиясынын жетекчиси Режеп Тайып Эрдоган келерки айда өтө турган парламенттик кошумча шайлоого өз талапкердигин коет. Бул тууралуу Эрдогандын "Акыйкаттык жана Өнүгүү" партиясынын мартабалуу өкүлү маалымдады. Эгер Эрдоган парламентке өтүп кетсе, ал Түркиянын кийинки өкмөт башчысы болуп калышы мүмкүн.
Эрдоган "диний араздашууну козуткан" деген кине менен сот жообуна тартылганы үчүн, 3-ноябрдагы парламенттик шайлоого катыша алган эмес. Түркияда парламенттин мүчөсү гана өкмөт башчысы боло алат. Ошондуктан, премьер-министрликке Эрдогандын орун басары Абдулла Гүл бекиген. Эрдоган шайланса, Гүл кызматынан кетет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG