Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Сауд Аравияга ажылыкка 1 миллион 200 миң киши келди

Быйылкы ажыга баргандардын сапарынын туу чокусу келерки дүйшөмбүгө туура келет. Ал күнү 2 миллион чакты мусулман Мухамед байгамбардын изи менен Арафат тоосуна чыгышат.
Сауд Аравиянын маалымат агенттиги билдиргендей, бүгүнгө чейин 1 миллион 200 миңдей киши ажылыкка келди. Алардын арасында 16 миң чакты Ирак жараны да бар. Бир жумадан соң мусулмандар Арафат тоосуна чыккандан кийин, төрт күндүк Курман айт майрамы башталат.
​
XS
SM
MD
LG