Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Түндүк Корея АКШнын чабуулунун мизин кайтарууга даяр


Түндүк Корея АКШнын чабуулунун мизин кайтарууга даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Пйон Гаң радиосу билдирди. Үналгыга ылайык, Түндүк Кореянын Элдик армиясынын жетекчилери өлкө башчысы Ким Чен Ирге берилгендигин айтышкан.
Түндүк Корея "үч ай мурда башталган ядролук курал кризисинде Кошмо Штаттары кол салууга даярданып жатат" деп айтып келатат. Вашингтон Пхеняндын доосун четке каккан, бирок АКШ өкүлдөрү Түштүк Кореядагы америкалык куралдуу күчтөр көбөйтүлөөрүн жарыялашты.

XS
SM
MD
LG