Казакстандын демилгеси менен 13-февралда Алматы шаарында өтө турган «Тынчтык жана ынтымакташтык» аттуу эл аралык конференцияга Кыргызстандан президент Аскар Акаев башында турган делегация катышат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Конференцияда коопсуздук, тынчтыкты сактоо маселелери боюнча талкуу болуп, кыргыз президенти да сөз сүйлөмөкчү.