Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Коалиция бийлик маалыматын күмөндүү деп атоодо


Жумуруяттагы 2081 шайлоо участкасынын ичинен 1650 «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын 3400 байкоочусу катышкан. Алар 2-февралдагы референдумга шайлоочулар аз келишкенин белгилеп, бийлик тарабынан шайлоочулардын активдүү катышкандыгы тууралуу маалыматы күмөндүү, - деп дүйшөмбү күнү жарыялашты. Коалициянын президенти Эдил Байсаловдун билдирүүсүнө караганда, референдумдун жыйынтыгы мурдатан эле белгилүү болуп калган. Анткени, аткаруу бийлиги шайлоо комиссияларынын ишин колго алып, добуш берүү участокторундагы иштерди референдумду өткөрүү боюнча райондук акимдер башында турган штабдар жүргүзгөн. Кээ бир райондордо көз карандысыз байкоочулардын шайлоо участкаларына кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Коалиция өзү жүргүзгөн мониторингдин толук жыйынтыгын 2 жума ичинде жарыяламакчы.

XS
SM
MD
LG