Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

Ысыккөл облусундагы айрым орто мектептер убактылуу жабылды


КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы №1, № 6 жана Кашкасуу орто мектептеринде, ошондой эле Тоң районундагы Бөкөмбаев айылындагы мектептерде билим берүү бир жумага токтотулду. Облустук санитардык-эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгери Сагынбек Гиязбаев тараткан маалыматка караганда, окучуулар арасында сасык тумоо катуу күчөдү. Кээ бир класстарда окуучулардын жарымына жакыны сабакка келбей калган учурлар бар. Ал эми Тоң районунун борборлоштурулган ооруканасынан алынган маалыматтарга караганда, балдар арасында жугуштуу сарык оорусу да күч алууда.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG