Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

«Атамекен» социалисттик партиясынын Жалалабад облусундагы бөлүмү Базаркоргон районунун жетекчилерине кайрылды


ЖАЛАЛАБАД. «Атамекен» партиясынын облустук бөлүмү 6-февралда митинг өткөрүүгө уруксат сураган кайрылуусун Базаркоргон районунун акимине, прокуроруна жана ички иштер бөлүм башчысына тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин Базаркоргондогу жардамчысы Кубатбек Артыков 4-февралда билдирди. Аталган кайрылууда 2-февралдагы референдумда көптөгөн мыйзам бузуулар орун алгандыгы, аны элдин катышуусу менен талкуулоо керектиги айтылат. Кубатбек Артыков бийликтегилер уруксат бербесе да, митинг 6-февралда саат 11де өтөөрү, ага 500дөн ашуун адам катышаары болжолдонуп жаткандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG