БИШКЕК. «Бийлик тарабынан жасалып жаткан ар кандай кысымга карабастан, 2-февралдагы референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штаб 6-февралда өз байкоосунун жыйынтыгын жарыялайт». Шейшемби күнү коомдук штабдын башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев ушундай деп билдирди. Коомдук штаб 2-февралдагы добуш берүүнүн жүрүшүнө жүргүзүлгөн көзөмөлдүн алгачкы жыйынтыктарын 3-февралда жарыялап, «референдумга калктын 40% гана катышты, ошондуктан референдум болбой калды» деген маалымат тараткан эле. Ал эми расмий бийлик «референдумга добуш берүү тизмесине киргизилген калктын 86,38% катышты» деп жарыялаган.