Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Борбордук Азия аймагында террористтердин кол салуу коркунучу сакталууда


БИШКЕК. Эл аралык террористтик, экстремисттик жана сепаратисттик күчтөр Борбордук Азия аймагына бүлүк салуу максатынан баш тарткан жок. Бул туурасында 4-февралда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Коргоо министрлигинин башкы штабынын жетекчиси Малик Жумагулов билдирди. Анын айтымында, буга баштагыдай эле Ооганстандагы тынчы жок кырдаал себеп болууда. Бул өлкөнүн провинцияларындагы этникалык топтор бири-бири менен ымалага келе албай жаткандыктан улам, ооган-тажик чек арасындагы абал бир топ эле оор бойдон турат. Жумагуловдун айтымында, азыр Тажикстандын аймагында куралдуу топтор жок, бирок Өзбекстан Ислам Кыймылын жактагандар болушу ажеп эмес. Ал эми Ооганстан менен Ирандын чек арасында турган куралчан топтордун алдына Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын аймагына кирип, адамдарды өзүнө тартуу милдети коюлгандыгы маалым.

XS
SM
MD
LG