Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Өзбекстан Ислам Кыймылынын мурдагы мүчөсү 25 жылга соттолду


БАТКЕН. Өзбекстан Ислам Кыймылынын жетектөөчү кеңешинин мурдагы мүчөсү Шерали Акботоевдин үстүнөн Баткен райондук сотунда 3-февраль күнү башталган сот жараяны 4-февралда аяктады. Айыпталуучу коюлган айыптардын бардыгы, тактап айтканда, Кылмыш-Жаза Кодексинин алты беренесинин айрым бөлүмдөрү менен күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфикациялоо менен жалпысынан 25 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү абагында өтөй турган болду.
Баткен облусунун Карабак айылында туулуп-өскөн 41 жаштагы Шерали Акботоев жаш кезинде Өзбекстандын Кокон шаарында диний билим алып, кийинчерээк ошол шаардагы медреседе мугалим болуп иштеген. 1996-97-жылдарда Өзбекстанда диний көз караштагы адамдарды кысымга алуу башталганда өзүнүн туулуп-өскөн айылына кеткен. Ал эми 1999-жылы өздөрүн «Өзбекстан Ислам Кыймылы» атаган куралчан топ Кыргызстандын түштүгүнө кол салган учурда үй-бүлөсү менен алардын катарына кошулуп кеткен. Бул топту АКШ өкмөтү эларалык террордук уюмдардын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG