Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

АКШ өкмөтү Кыргызстандын коргонуу тармагы үчүн 7 миллион 200 миң доллар өлчөмүндө жардам бермек болду


БИШКЕК. АКШ өкмөтү Кыргызстандын коргонуу тармагы үчүн 7 миллион 200 миң доллардык жардам бермек болду. Мындай маалыматты 4-февралда Орусиянын «РИА-Новости» агенттигинин билдирүүсүнө таянуу менен «Кабар» агенттиги таратты. Ал маалыматка караганда, жардам «Чет өлкөлөрдүн аскерий тармагын каржылоо» жана «Эл аралык аскердик окутуу жана даярдоо» деген программалардын алкагында берилет. Бул каражаттын 6 миллион доллары грант эсебинде берилип, ага америкалык аскерий жабдуулар сатылып алынат жана аскердик адистер даярдалат. АКШнын бул жардамы терроризм менен күрөшүү, анын пайда болушуна каршы күрөшүүчү институттарды түзүү максаты менен берилет.

XS
SM
MD
LG