Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Кыргызстандын аскерий доктринасы кабыл алынды


БИШКЕК. Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 2010-жылга чейинки аскерий доктринасын кабыл алды. Бул тууралуу 4-февралда өткөн маалымат жыйынында коргоо министри Эсен Топоев билдирди. Анын маалыматына караганда, доктринада Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн реформалоо жана аскерий тармактын сапатын жогорулатуу багыттары камтылган. Топоевдин айтымында, Кыргызстанда күтүүсүз кырдаал түзүлгөн учурда жана террорчул топтор кирип келсе, аларга каршы күрөшө турган тез аракеттенүүчү аскер күчтөрү түзүлмөкчү. Ал үчүн азыр алгачкы аракеттер көрүлүп, жоокерлер менен аскер кызматчыларына берилчү каражаттын көлөмү көбөйтүлүп, президенттин жардыгы менен бир жоокердин тамактанышы үчүн азыр күнүнө 34 сом бериле баштады. Бул үчүн мурда жоокерлерге күнүнө 26 сом бөлүнчү. Быйыл министрликке бюджеттен 800 миллион сом бөлүндү.

XS
SM
MD
LG