Грузиянын негизги оппозициялык партияларынын бири, "Жаңы укук партиясынын" Тбилиси шаарынын борборундагы кеңсеси 3-февралда тинтилди. Партия төрагасы Давид Гамкрелидзенин айтымында, бул тинтүү - оппозицияны коркутуу үчүн жасалган аракет. Башка оппозициялык уюм-партиялардын жетекчилери президент Эдуард Шеварднадзеге кайрылып, окуяга түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Кээ бир байкоочулардын айтымында, тинтүүнү партиядан жакында чыгып кеткен анын мурдагы жетекчиси Ираклий Батиашвили уюштурушу мүмкүн.