Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы Голландиянын тышкы иштер министри Яап де Хооп Шеффер 4-февралда Маскөөгө келип, орус жетекчилери менен жолугушууларды баштады. Өткөн жылдын 31-декабрында орус өкмөтү уюмдун Чеченстандагы өкүлчүлүгүн жаап салган. Маскөөнүн айтымында, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Чеченстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу тынчсыздангандан мурда, аймакка гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин чечүүгө аракеттенгени жакшы.
Европадагы копсуздук жана кызматташуу уюму өзүнүн Чеченстандагы кеңсесин кайра ачууга аракетенүүдө