Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

Түндүк Корея өкмөтү АКШ жетекчилигинин акыркы чечимдерине макул эмес


Түндүк Кореянын жетекчилиги 4-февралда АКШ өкмөтүн сынга алган билдирүү жасады. Пхеньяндын айтымында, Корей жарым аралына жаңы аскер жиберүүгө даярданып жаткан Вашингтондун Түндүк Кореяны жок кылуу ниети бар. АКШ коргоо министрлигинин айтымында, азыр - жарым аралга кошумча аскер жиберүү маселеси каралууда, анткени Иракка мүмкүн баштала турган согуштан пайдаланып, Түндүк Корея кандайдыр бир чара көрүшү мүмкүн. Түштүк Кореяда азыр 37 миң америкалык аскер бар. Өткөн октябр айында Пхеньян - 1990-жылдардын башынан бери жабылып жаткан өзөктүк ишканаларын кайрадан иштете баштаган жана Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Түндүк Корея маселесин 12-февралда кароого даярданууда.

XS
SM
MD
LG