Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Иракка каршы ачылышы мүмкүн болгон согушту Түркия өкмөтү колдошу ыктымал


Түркия өкмөтүн көзөмөлдөгөн "Адилет жана өнүгүү" партиясынын төрагасы Режеп Тайып Эрдоган 4-февралда атайын билдирүү жасап, эгер Ирак маселеси боюнча Америка Кошмо Штаттарынын турумун Түркия колдобосо, өлкөнүн кызыкчылыктарына зыян тийиши мүмкүн деп билдирди. Эрдогандын айтымында, Иракка каршы сокку урулса жана Түркия ага башынан тартып катышпай калса, анда өлкө аймакка болгон таасиринен бир кыйла ажырайт. Мурда Түркия өкмөтү Ирак согушуна катышуудан баш тартып келген.

XS
SM
MD
LG