Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Нарын облусундагы мектептерде билим берүү деңгээли төмөн


НАРЫН. Нарын облусундагы мектептерде билим берүү деңгээлинин төмөндүгү облустук билим берүү берүү башкармалыгынын коллегиясында айтылды. 5-февралда облустук билим берүү башкармалыгынан алынган маалымат боюнча, коллегияда мектеп директорлорунун жоопкерчиликтерине байланышкан маселелер, билим берүү иштеринин жалпы абалы, облустук жана жумуруяттык олимпиадалардын жыйынтыктарына байланышкан маселелер каралды. Жети мектептин директорлорунун иштери начар экендиги баса белгиленип, алар жакынкы арада тиешелүү жыйынтык чыгарышпаса, кызмат орундарынан четтетилээри эскертилди. Ал эми өткөн жылдын аягында жана быйылкы жылдын башында өткөрүлгөн олимпиадаларда нарындык мектеп окуучулардын биринчи жана экинчи орунга жетишкендери өтө аз болгон. Мисалы, Жумгал районунан бир да окуучу байгелүү орунга жете алган эмес.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG