КАРАКОЛ. Облустук финансы башкармасынын башчысы Жаныш Жээнбаевден алынган маалыматка караганда, жаңы түзүлгөн «Ысыккөл-Нарын» регион аралык аудит системасы жергиликтүү бийлик органдарына баш ийбейт. Көз карандысыз аудит катары алар облустардагы экономикалык кылмыштардын, финансылык тартип бузуулардын фактыларын аныктайт. Ал эми аталган аудит системасынын башчылыгына дайындалган Белек Султановдун айтымында, көз карандысыз аудиторлор жаңы техникалык каражаттар менен камсыз болушат. Аудит системасынын түзүлүшүнө ушул облустардагы экономикалык кылмыштардын ар кандай түрлөрүнүн кескин өсүшү себепкер болду.