ТАЛАС. Казакстан аркылуу жол жүргөн Талас-Бишкек каттамындагы жүргүнчүлөр дале кыйынчылыктарга туш болуп келишет. Президент Аскар Акаев Таласка эки жолу келгенде да, ал түз эфирге чыкканда да бул маселе боюнча үч жолу суроо берилгени менен, маселе али чечиле элек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу Таластагы «Биримдик» коомунун өкүлү Байсар Мусуралиевдин 5-февраль күнү билдиргенине караганда, Казакстандын Жамбыл жана Чалдывар чек ара бекеттеринде иштегендер «жүргүнчүлөрдүн паспортун компьютерден өткөрөбүз» дешип, ар бир автобусту бир жарым-эки сааттан ашыкча кармап, акча берген айдоочуларды ошол замат кое беришет. Казакстандык чек арачылардын мындай кыйноосунан тажаган айрым айдоочулар жакындан бери Бишкекке Суусамырдагы Өтмөк ашуусу аркылуу каттап, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге сала башташты.