Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Кыргызстандын экология жана чукул кырдаалдар министри Кенияда

БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча программасынын башкаруу кеңешинин 22-сессиясы Кения мамлекетинин борбору Найробиде өтүп жатат. 7-февралга чейин улана турган төрт күндүк бул сессияга Кыргызстандын экология жана чукул кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев катышууда. Иш сапарынын учурунда экология министри президент Аскар Акаедин атынан БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо программасынын аткаруучу директору Клаус Топферге «Данакер» орденин тапшырып, премьер-министр Николай Танаевдин атынан Кыргызстандын айлана-чөйрөсүн коргоого жардам берип жатканы үчүн программага ыраазычылык билдирет. Мындай ыраазычылыкты кыргыз өкмөтү БУУнун жогоруда аты аталган программасынын айлана-чөйрөнү коргоо тармагында көрсөткөн финансылык жардамдарына байланыштуу жолдоду. Кениядагы жолугушуулардын учурунда Сатыбалды Чырмашев кыргыз өкмөтүнүн атынан программанын Бишкекте өкүлчүлүгүн ачуу сунушун да билдирет. Бул тууралуу 5-февралда министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
​
XS
SM
MD
LG