БИШКЕК. 5-8-февралда Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 18-жыйыны болот. Аны Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык «Түрксой» уюмунун азыркы төрагасы, Азербайжандын маданият министри Полат Бүлбүлоглу жетектеп алып барат. Баку жыйынына Кыргызстандын билим жана маданият министринин орун басары Султан Раев катышууда. Бул тууралуу шаршембиде Билим жана маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Бакудагы жыйында маданият, искусство тармагында кызматташуу жана КМШдагы түрк тилдүү калктардын искусство ишмерлеринин экинчи конгрессин өткөрүү маселеси каралат.