ЖАЛАЛАБАД. Базаркоргон районунун жетекчилиги «Атамекен» партиясына 6-февралда митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Райондук бийликтин «атамекенчилерге» 5-февралда берген жообунда митинг өткөрүүгө арыздын 10 күн мурда берилбегендиги, аны уюштуруучулардын толук маалыматы көрсөтүлбөгөндүгү айтылат. 2-февралдагы референдумга байкоо жүргүзүүдө район боюнча жалпысынан 169, «Атамекен» партиясынан 19 байкоочу иштегендиги, добуш берүү участкаларында мыйзам бузуулар катталбагандыгы көрсөтүлгөн. Митинг өткөрүүгө негиз жоктугун белгилеген район бийлиги, эгерде нааразылык акциясы уюштурулса, жоопкерчилик аны уюштуруучуларга жүктөлөөрүн эскертти. Партиянын облустук штабы митингди өткөрбөй, мыйзам бузуу фактыларын эми сотко берээрин, сот жыйынтыгына жараша аракет кыларын маалымдады.
Базаркоргон районунун жетекчилиги «Атамекен» партиясына 6-февралда митинг өткөрүүгө уруксат берген жок