БИШКЕК. Коллективдүү коопсуздук келишим уюмунун ишмердүүлүгүн тейлөөчү документтердин долбоорун талкуулоого арналган эксперттер жыйыны 5-февралда Москва шаарында башталды. Ага Кыргызстандын эксперттери да катышууда. Бул тууралуу шаршембиде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, эксперттер жыйынында каралган маселени талкуулоо 10-февралда тийиштүү министрликтердин башкармалыктарынын жетекчилеринин деңгээлинде улантылат.
Коллективдүү коопсуздук келишими 1992-жылы түзүлгөн. 2002-жылы май айында ал Коллективдүү коопсуздук келишим уюму болуп кайрадан түзүлгөн. Уюмга Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Беларус, Армения жана Тажикстан мүчө.