БИШКЕК. 11-февралда Бишкекке Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Нидерланды мамлекетинин тышкы иштер министри Яап де Хооп Схеффердин келиши күтүлүүдө. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан 5-февралдагы маалыматка караганда, ЕККУнун төрагасы Кыргызстанга Борбордук Азия мамлекеттерин кыдыруу боюнча түзүлгөн программанын алкагында келет. Бишкекте ал президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушат. Жолугушуу учурунда тараптар адам укугу, аскердик-саясий маселелер, экономика жана экология туурасында пикир алышаары күтүлөт. ЕККУнун төрагасынын Бишкекте саясий партиялар жана коомдук уюмдар менен жолугушуулары тууралуу маалымат азырынча тактала элек экендигин ЕККУнун Бишкек кеңсесинен кабарлашты.