Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

АКШнын Улуттук демократиялык институту референдумга байланыштуу билдирүү таратты


БИШКЕК. АКШнын Улуттук демократиялык институту Кыргызстанда 2-февралда өткөрүлгөн референдумга карата шаршембиде билдирүү таратты. Анда «капыс түзүлгөн Эксперттик топтун коомчулук менен кеңешпестен туруп Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгышы жана аны кабыл алуу боюнча референдумду кыска мөөнөттө өткөрүү Кыргызстандагы конституциялык реформанын көрөңгөсүн үзгүлтүккө учуратты», деп айтылат. АКШнын Улуттук демократиялык институтунун пикири боюнча, Конституциянын жаңы редакциясы президенттин бийлигин сот жана мыйзам чыгаруу бийлигинин эсебинен күчөтөт, ал эми 2-февралдагы окуялар коомчулуктун добуш берүүгө жана Конституцияга ишенимин жоготот. Аталган институт өз билдирүүсүндө бийликтин референдум жараянына кийлигишүүсүн орунсуз деп атаган. Билдирүүнүн жыйынтыгында 2-февралдагы референдумга коюлган конституциялык өзгөртүүлөр Кыргызстандагы демократиялык реформаларга өбөлгө боло албай тургандыгы белгиленген.

XS
SM
MD
LG