Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

Түркмөнстанга келген чет өлкөлүктөргө эми өкмөт тыкан көзөмөл салат

"Нейтралдуу Түркмөнстан" гезити 5-февралда жазып чыкканга караганда, 1-марттан тартып Түркмөнстанда жаңы өкмөттүк агенттик түзүлөт жана ал өлкөгө келген чет элдиктердин үстүнөн көзөмөл жүргүзөт. Түркмөн өкмөтүнүн айтымында, өткөн жылдын 25-ноябрында президент Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салуу болгон жана ага катышкан 61 адамдын он алтысы чет өлкөлүк жарандар болчу. Оппозициянын айтымында, 25-ноябрдагы окуяны бийлик өзү уюштурган жана андан пайдаланып, оппозицияга каршы катуу чараларды көрүүдө.
XS
SM
MD
LG