Ирандын белгилүү оппозициялык динаятчысы, 81 жаштагы Хусейн Али Монтазеринин жүрөгү кармап, 5-февралда ал Ком шаарындагы ооруканага жаткырылды. Иран лидери аятолла Рухолла Хомейни каза болгондо, Монтазери анын мураскору болуп саналган, бирок 1997-жылы үй камагына алынып, үстүбүздөгү жылдын 30-январында гана бошотулган. Хомейниден кийин бийликке келген диниятчыларды Монтазери сынга алып, алар өз колуна өлкөдөгү бардык бийликти топтоп алды деп чыккан.