4-февраль күнү Британиянын "Төртүнчү канал" аттуу сыналгысы Ирак президенти Саддам Хусейндин интервьюсун берди. Анда Саддам Иракта эч кандай кеңири кыргын салуучу курал жок жана "ал-Каида" уюму менен дагы Багдаддын эч кандай байланышы болгон эмес деп билдирди. Президенттин айтымында, Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы согушту - анын мунай байлыктарына ээ болуш үчүн гана даярдап жатат. АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, Саддам Хусейндин билдирүүсү чындыкка жатпайт. Британиянын премьер-министри Тони Блэр болсо, 5-февралда парламенттин депутаттарына жооп берип жатып, Багдад менен "ал-Каида" ортосунда байланыш болгон деп билдирди: "Ирак режими менен 'Аль-Каида' ортосунда болгон байланыштарга эч кандай далил жок деп айтуу жаңылыштык болор эле. Андай далилдер бар. Байланыш канчалык өлчөмгө жеткени гана так белгисиз". Бириккен Улуттардын инспекторлор тобунун башчысы Ханс Бликс келерки дем алыш күндөрү Иракка барууга тийиш, ал эми 14-февралда ал Коопсуздук Кеңешине Ирак боюнча экинчи отчет берет.