Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

Ирактан Түркияга мүмкүн агып келе турган качкындарды жайгаштырууга Европа Биримдиги жардамдашат


Европа Биримдигинин тышкы маселелер боюнча комиссары Крис Паттендин 6-февралда жасаган билдирүүсүнө караганда, эгер Иракка каршы согуш башталса, андан Түркияга мүмкүн агып келе турган качкындарды жайгаштыруу үчүн, Европа Биримдиги Анкарага жардам көрсөтөт. Бирок Түркия Биримдикке мүчө болбогондуктан, жардам Кызыл Ай сыяктуу өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу берилет. Качкындарды кабыл алуу үчүн, Түркия өзүнүн Ирак менен чектеш аймактарына чатыр айылдарды тиге баштады.

XS
SM
MD
LG