Сауд Арабиянын "Ар-Рияд" гезити 6-февралда жазып чыкканга караганда, өлкө жетекчилиги Ирак кризисин чечүү үчүн жаңы демилге көтөрүп чыкты. Сауд Арабиянын тышкы иштер министри ханзада Сауд ал-Файсалдын айтымында, Ирак жетекчилигинде кимдир бирөө өлкөдө жашырылган куралдар тууралуу маалымат жарыяласа, Сауд Арабия андайларга баш паана берет. Мындай чара менен президент Саддам Хусейндин тегерегиндегилер арасында ажырым пайда болуп, Саддамды кызматтан кетирүү мүмкүнчүлүгү чыгат жана аны менен согуштун да кереги жок болот. Ханзаданын айтымында, бул сунушту Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши февралдын орто ченинде талкуулайт.