Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:20

Араб Лигасынын жетекчисинин айтымында, Ирак маселесин Бириккен Улуттар гана чечүүгө укуктуу


Араб Лигасынын башкы катчысы Амр Мусанын айтымында, АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жарыялаган маалыматтардан кийин, Бириккен Улуттардын инспекторлору менен болгон кызматташуусун Ирак өкмөтү эми кеңейтип-жакшыртууга тийиш. Ошол эле учурда, Мусанын пикиринде, Пауэллдин бул маселе боюнча Коопсуздук Кеңешинин алдында чыгып сүйлөгөнү - Иракка каршы согуш баштоо-баштабоо маселесин Бириккен Улуттар гана чечиш керек экендигинин далили. Европа Биримдигинин тышкы саясатын аныктаган Хавье Солананын пикиринде дагы, Ирак маселесин Бириккен Улуттар гана чечүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG