Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Иракка каршы согуш баштоого бир топ дүйнө жетекчилери каршы


Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпендин пикиринде, АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 5-февралда жарыялаган маалыматтарда бир топ шек жана күмөн бар, бирок алар формалдуу далил эмес. Франциянын премьер-министри Жан-Пьер Рафарендин айтымында, Пауэллдин маалыматтарын Бириккен Улуттардын инспекторлору тыкан изилдеп чыгууга тийиш. Австралиянын премьер-министри Жон Ховарддын пикиринде, Пауэлл жарыялаган маалыматтар Ирак өкмөтү эл аралык текшерүүчүлөрдү алдап жатканын көрсөттү. Канцлер Герхард Шрөдердин айтымында, Иракка каршы аскерий сокку урууга Алмания дагы эле каршы. Ирактын Бириккен Улуттардагы өкүлү Мохаммед ад-Дуринин пикиринде, Пауэллдин маалыматтары чындыкка жатпайт, ал эми президент Саддам Хусейндин кеңешчиси Амир ас-Саадинин айтымында, Пауэллдин доклады жөн гана америкалык шоу болду.

XS
SM
MD
LG