Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ирак маселеси боюнча бир пикирге келе элек


Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 5-февралда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Ирак жөнүндө кошумча маалымат бергенине карабай, Кеңеш мүчөлөрү Ирак маселеси боюнча бир пикирге келе алган жок. Спутник аркылуу тартылып алынган сүрөттөрдү көрсөтүп, Пауэлл аларды химиялык курал жыйылган кампалар деп айтты жана тасмага жазылып алынган Ирак жетекчилеринин шектүү сөздөрүн угузду. Пауэллдин айтымында, Ирак өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузуп жатат: "Менин оюмча, Ирак өзүнүн милдеттенмелерин орчундуу түрдө бузууда. Мындай жыйынтык, менин пикиримде, талашсыз жана төгүндөлбөс корутунду. Бириккен Улуттардын 1441-резолюциясы койгон талаптарды аткарбаган Ирак өзүн оор натыйжага алып келчү коркунучка такоодо". АКШнын турумун Улуу Британия, Испания жана он Чыгыш Европалык жумурият колдоду, бирок Кеңештин үч туруктуу мүчөсү - Кытай, Орусия жана Франциянын пикиринде, Иракка каршы күч колдонууга жетиштүү негиз дагы эле жок жана эл аралык текшерүүчүлөр өз ишин улантууга тийиш.

XS
SM
MD
LG