Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Баткен облусунда коңшу өлкөлөрдөгү малдын безгек ылаңынан сактануу аракети көрүлө баштады


БАТКЕН. Баткен облусунда коңшу өлкөлөрдөгү малдын безгек ылаңынан сактануу аракети көрүлө баштады. Облустук ветеринария башкармалыгынан 6-февралда алынган маалыматка караганда, буга Тажикстандын кошуналаш Согди облусунда ушундай илдеттин күчөп жатышы себеп болгон. Андыктан учурда облус калкынын кошуна өлкөдөн мал сатып алышы жана сатышы катуу көзөмөлгө алынууда. Ушундай эле көзөмөл облустун аймагындагы мал базарларда да жүргүзүлүп, элден ветеринардык эрежелерди сактоо талап кылынууда. Эфемердик безгек, же 3 күндүк калтыратма деген бул оору өтө тез жукканы менен коркунучтуу. Чиркейлер аркылуу жуга турган мындай илдет негизинен ири мүйүздүү малга жукканда калтырак басып 3 күн ичинде өлүп тынат. Оорунун айрым белгилери чума, шарп илдеттеринин белгилерине окшоп кетет.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG