Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Сасык тумоого байланыштуу Нарын облусунун айрым мектептеринде окуу убактылуу токтотулду


НАРЫН. Сасык тумоо күч алгандыктан, Нарын облусунун айрым мектептеринде окуу 19-февралга чейин токтотулду. 6-февралда облустук санитардык-эпидемиологиялык станциядан алынган маалымат боюнча, алардын катарына Кочкор районундагы 13 мектеп, Нарын районундагы 1 мектеп, Акталаа районундагы 5 мектеп жана Нарын шаарындагы 9 мектеп кирет. Акыркы маалыматтар боюнча жалпысынан облус боюнча 7 миңден ашуун мектеп окуучулары сасык тумоого кабылышкан. Медициналык адистердин пикири боюнча быйылкы сасык тумоо мурдагылардан кескин айырмаланып, дарылоо иштери кыйынчылыктарды пайда кылууда. Нарын облусунун мектептеринде сабактар быйыл экинчи жолу токтотулду. Тактап айтканда, январь айынын башында катуу суукка байланыштуу кышкы каникул 25-январга чейин узартылган.

XS
SM
MD
LG