БИШКЕК. Соңку жумада Кыргызстандын аймагында сасык тумоонун ар кандай түрлөрү менен ооругандардын саны кайрадан көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын бейшемби күнкү маалыматына караганда, 3-февралда Бишкек шаарында сасык тумоо менен ооруган 592 адам катталса, 4-февралда алардын саны 635 адамга жеткен. 27-январдан баштап республиканын аймагында жалпысынан сасык тумоо менен ооруган 16 миң адам катталган. Алардын ичинен алты жашка чейинки 10 жаш бала, бир чоң киши каза болгон. Республиканын аймагындагы мектептер, бала бакчалары утурумдук жабылган.