БИШКЕК. 11-февраль - Курман айт майрамына байланыштуу кыргыз президенти Аскар Акаевдин наамына Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштан телеграмма келди. АКШ президенти өз телеграммасында бул майрам ишенимдердин ар түрдүүлүгүнө кубанууга мүмкүндүк берээрин белгилеген. Ошондой эле ал Кошмо Штаттар жарандык коомду, рынок экономикасын курууда жана адам укугу менен демократияга карата терең урматтоону өнүктүрүүдө кыргыз өкмөтүн колдоодон тайбай тургандыгын билдирген. Бул тууралуу 6-февралда кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады.