Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

Борбордук шайлоо комиссиясы жана оппозиция уюштурган коомдук штаб референдумдун соңку жыйынтыгы боюнча карама-каршы билдирүү таратышты


БИШКЕК. 6-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, жакында өткөн референдумдун соңку жыйынтыгы тууралуу токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык 2-февралдагы референдумга күн мурунтадан тизмеге киргизилген 2 миллион 465 миң 684 шайлоочунун ичинен 2 миллион 137 миң 334 адам же жалпы шайлоочунун 86,68% катышкан. Анын ичинен 1 миллион 889 миң 203 адам же жалпы шайлоочулардын 76,61 % пайызы Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга макулдугун беришип, 227 миң 587 адам же референдумга катышкандардын 9,23% аталган суроого каршы добуш беришкен. Ал эми президент Аскар Акаевдин 2005-жылдын декабрь айына чейин кызматында турушуна 1 миллион 941 миң 558 адам же шайлоочулардын 78,7% макулдугун беришип, 174 миң 467 адам же шайлоочулардын 7,7% каршы добуш берген.
Бейшемби күнү Референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын өкүлдөрү да маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар «аткаруу бийлиги элдик референдумдун жыйынтыгын туура эмес, өздөрү каалагандай чыгарды. Элдик референдумга көпчүлүк шайлоочулар катышуудан баш тартышкандыктан, референдумга ашып барса шайлоочулардын 40% катышты», деп маалымдашты. Ошондой эле штабдын өкүлдөрү жакын арада референдумдун легитимсиздиги тууралуу Конституциялык Сотко, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасына, АКШнын өкмөтүнө, Европадагы адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана эл аралык финансы уюмдарына кайрылып, кыргыз өкмөтүнө келечекте ар кандай финансылык жардам берүүнү токтотууну сурана тургандыктарын жарыялашты. Ошондой эле штаб мүчөлөрү кыргыз президенти Аскар Акаевди өлкөдөгү саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча аракет көрүүгө чакырышты. Маалымат жыйынына Референдумга көзөмөл кылуучу коомдук штабдын жетекчиси Өмүрбек Текебаев, анын орун басарлары Эмил Алиев, Жыпар Жекшеев жана «Жарандык коом коррупцияга каршы» аттуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова, укук коргоочу Турсунбек Акун катышышты.

XS
SM
MD
LG