Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Талас облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча семинар соңуна чыкты


ТАЛАС. Талас облусунда туризмди өнүктүрүүгө арналган үч күндүк семинар соңуна чыкты. Туризмди өнүктүрүү багытында Таласта түзүлгөн «Си-Би-Ти» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Ислам Жолдошевдин бүгүнкү күнү билдиргенине караганда, 3 күнгө созулган семинарда анын катышуучулары Таласка улуттук жана эл аралык туристтерди тартуунун көйгөйлүү маселелерин иликтешти. Кыргызстандык жарандар негизинен «Манас» эпосуна байланыштуу тарыхый жерлерге саякат жасоого, ал эми чет элдик туристтер көбүнчө Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени Шекерге көбүрөөк кызыгышат. Бирок Таласта туристтик бизнести өнүктүрүүнүн рекламалык жагдайы, ошондой эле жогорку деңгээлдеги тейлөө кызматынын абалы өтө начар. Экинчиден, Таласка Казакстан аркылуу өтүп келүү да чет элдиктер үчүн кошумча түйшүк болуп жатат. Семинар Швейцариянын эл аралык кызматташуу боюнча «Фельвитос» ассоциациясынын көмөгү менен өткөрүлдү. Бул Таласта өткөрүлгөн ушундай багыттагы үчүнчү семинар.

Кабарлар топтомун Бишкектен дяардагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG