ЖАЛАЛАБАД. Жалалабадда Улуу Британиянын «Жарандык (дельвиративдик) демократияны өнүктүрүү менен тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү» долбоору семинар өткөрдү. Бүгүн бул долбоордун облустагы координатору Индира Раимбердиеванын маалыматы боюнча ага Сузак, Базаркоргон, Ноокен райондорунун кыргыз-өзбек чек арасына жанаша жайгашкан беш кыштагынан 50 киши катышты. Талкууга демократиялык институттарды өнүктүрүү аркылуу Фергана өрөөнүндөгү чыр-чатактардын алдын-алуу маселеси коюлду. Анда өзбекстандык бажы, чек ара кызматчыларынын тартипсиздиги, Кыргызстандан мал уурдаган өзбекстандык жарандар менен эки тараптагы алдамчы-шылуундардын жазасыз калгандыгы эки элдин ынтымагына доо кетирип жаткандыгы сөз болду. Өлкөнүн ичиндеги маалымат чек ара боюндагы айылдарга толук жетпегендиги, экология, суу маселеси да орчундуу факторлор катары аталды.