Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Өкмөт башчысы Николай Танаев Кыргызстандын маданий баалуулуктары тууралуу токтомго кол койду


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев «Кыргызстандын маданий баалуулуктарын республиканын аймагынан чет мамлекеттерге ташып кетүүнү тартипке алуу» тууралуу токтомго кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматынын тараткан кабарына караганда, мындай иш-чара кыргыз элинин маданий мурастарын, анын ичинде археологиялык, диний баалуу буюмдарын республикадан ташып кетүүгө көзөмөлдү күчөтүш үчүн жасалды. Токтомго ылайык маданий баалуу буюмдарды башка мамлекетке алып чыгууга көзөмөл кылуу милдети өлкөнүн Билим берүү жана маданият министрлигине жана Финансы министрлигинин алдындагы Бажы инспекциясына тапшырылды.

XS
SM
MD
LG