Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Кыргыз өкмөтү 2003-2005-жылдары Каракулжа районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча токтом кабыл алды


ОШ. Кыргыз өкмөтү 2003-2005-жылдары Ош облусунун Каракулжа районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча токтом кабыл алды. Премьер-министр Николай Танаев кол койгон бул токтомго ылайык, шарты катаал, айдоо жери аз, бийик тоолуу Каракулжа районун 3 жыл ичинде өнүктүрүгө республикалык бюджеттен 96 млн. сом каралып, ал акча 3 этапта берилиши белгилеген. Аталган акча каражаттары райондо атайын тизмедеги мектептерди, медициналык мекемелерди, клубдарды, көпүрөлөрдү, электр подстанцияларын курууга, толук ремонттон өткөрүүгө, Алайкуу–Каракулжа жолун системалуу түрдө оңдотууга, Алайкуудагы көмүр кенин иштетүүгө, комбайндарды, тракторлорду сатып алууга керектелет. Токтомдо Алайкуу–Каракулжа жолуна эле жыл сайын 7 миң сомдон сарп болушу көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG