БИШКЕК. «АКИ-пресс» маалымат агенттиги Бишкекте ачылып жаткан көз карандысыз эл аралык басма үйүнүн директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин жарыялады. Анда көрсөтүлгөнгө караганда, директорлор кеңеши 15 кишиден туруп, ага АКШнын сенатору Жон Маккейн төрагалык кылат. Кеңештин калган мүчөлөрүнүн жарымын чет өлкөлүк, жарымын жергиликтүү коомдук-саясий ишмерлер, талдоочулар жана ишкерлер түзөт. Кыргызстан тараптан директорлор кеңешинин курамына тышкы иштер министри Аскар Айтматов, президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, депутат Оксана Малеванная, «Дело №» гезитинин башкы редактору Виктор Запольский жана Бишкекте иштеп жаткан эл аралык үч уюмдун кыргызстандык жетекчилери киргизилген. «Маалымат каражаттарын колдоо борбору» деп аталган көз карандысыз басма үйү америкалык «Фриидом Хаус» фондунун долбоорунун негизинде уюштурулууда. Уюштуруучулардын айтымында, 800 миң доллар сарпталып жаткан бул ишкана түстүү жана ар кыл форматтагы гезит-журналдарды басып чыгарып, журналисттерди кесиптик даярдыктан өткөрүп турат. Басма үйү апрель айында ишке кирээри күтүлөт.