Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:59

ЕККУнун төрагасы Кыргызстанга келбей калды


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы, Нидерланды мамлекетинин тышкы иштер министри Якоб де Хооп Схеффердин Кыргызстанга иш сапары Ирактагы кырдаалга байланыштуу кийинкиге калтырылды. Мындай маалыматты жума күнү ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы таратышты. ЕККУнун төрагасы тышкы иштер министрлигине жөнөткөн катта өзүнүн келбей калышына Ирактагы кырдаалга байланыштуу Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен чукул жолугушуу жана Гаагада Нидерланды парламентинин атайын сессиясына катышуу зарылдыгы себеп болгонун белгилеген. Мурда таратылган маалымат боюнча ЕККУнун азыркы төрагасы Борбордук Азиядагы беш мамлекетти кыдыруу программасынын алкагында Кыргызстанга 11-февралда келип, мамлекеттик бир катар жооптуу кызматкерлер менен жолугушмак. Схеффердин иш сапарынын кийинки мөөнөтү тууралуу азырынча маалымат жок.

XS
SM
MD
LG