Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Венада референдум боюнча маалымат берди


БИШКЕК. Кечээ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Кыргызстандын туруктуу өкүлү Аликбек Жекшенкулов 2-февралда өткөн референдум боюнча ЕККУнун Венадагы туруктуу кеңешинде маалымат берди. Анда референдум эл аралык стандарттарга жана ЕККУнун алдында берген Кыргызстандын убадаларына ылайык өткөндүгү белгиленди. Президенттин маалымат кызматы тараткан бул билдирүүдө элчинин маалыматын Грекия, АКШ, Швейцария, Румыния, Канада, Норвегия, Түркия, Голландия мамлекеттеринин жана КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү колдоп, Кыргызстандагы референдумду демократиялык реформаны илгерилетүү үчүн жасалган кадам катары баалашкан.

XS
SM
MD
LG