ЛЮБЛЯНА. Кечээ Словенияда метан газына ууланып кечээ 2 кенчи курман болду жана 8кенчи жарат алды. Кырсык кечээ кечинде Люблянадан 80 чакырым түндүк-чыгыштагы Веленье деген жерде болгон. Кендин директору Евген Дерварич кырсык болгон учурда шахтада 26 киши иштеп жатканын айтты. Дерварич мындан болгону бир ай мурда ачылган шахта газ чыгып жатканын так аныктай ала турган жаңы техника менен жабдылганын кошумчалады. 1980-жылы аталган кенде ушундай эле кырсык болуп, үч кенчи каза болгон.