КАБУЛ. Ооганстандын Гардез шаарынын айланасында Америкалык аскерлер кайрадан аткылоого дуушар болушту. Аткылоодон эч ким жабыркаган жок. Бул окуяга байланыштуу бир нече шектүү киши кармалды. Кечээ АКШнын Баграмдагы аскердик базасынан алыс эмес жерде Ооганстандын атаандаш топторунун ич ара кагылышуулары орун алды. Аскердик базада ал кагылышуудан эч ким жабыркаган жок.