Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Британиянын Ирактын каруу-жарактары жөнүндөгү билдирүүлөрү чындыкка төп келбейт


ЛОНДОН. Ирактын каруу-жарактары жөнүндөгү билдирүүлөрүнө байланыштуу Британ өкмөтү "плагиат кылган жана эбак эскирген маалыматтарды тараткан" деген кескин сынга дуушар болууда. Кечээ өлкөнүн "4-канал" деген көз карандысыз телекөрсөтүүсү менен “Таймс” гезити өкмөттүн Ирактын куралдары жөнүндө чалгындоо агенттигине таянып тараткан маалымат теги Ирактык америкалык аспиранттын мындан 12 жыл мурда жазган материалдарына таянганын жана ал маалыматтарды чалгындоо агенттиги аспирант кетирген каталарды ылгабастан көчүрүп алып, таратканын билдирди. Британ өкмөтүнүн беймаалым калган өкүлү Би-Би-Сиге берген интервьюсунда чалгынчылардын маалыматы чындыкка төп келээрин айтты. Дүйшөмбү күнү таратылган билдирүүгө пресса АКШнын тышкы иштер министри Коопсуздук кеңешинин жыйынында шилтеме берген соң гана көңүл бурган. Колин Пауэл Британ чалгынчыларынын маалыматын мактаган эле.

XS
SM
MD
LG