Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Кошмо Штаттар Иракты куралсыздандыруу боюнча буга чейинки аркеттерден майнап чыккан жок деп билдирди


РИМ. Акшынын коргоо министри Дональд Рамсфельд Иракты куралсыздандыруу боюнча эл аралык дипломатиялык аракеттер ордунан чыкпады деп билдирди. Бүгүн Римде Рамсфельд Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони жана коргоо министри Антонио Мартини менен жолугушуп, Ирак темасынын айланасындагы проблемаларды талкуулады. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Италия АКШнын Ирак саясатын колдой тургандыгын дагы бир жолу кайталады.
Жолугушудан кийин өткөн пресс-конференцияда Расмфельд Иракка каршы киргизилген экономикалык санкциялар менен Ирактын учууга тыйуу салынган зонасын абадан көзөмөлдөө Иракты куралсыздандыра албаганын билдирди. Эртең Рамсфельд Мүнхен шаарында өтө турган эл аралык конференцияда сөз сүйлөйт. Конференцияга учурда Иракка согуш ачууга каршы чыгып жаткан Германия менен Франциянын жетекчилери да катышат.

XS
SM
MD
LG